Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-февралы № 41
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 669 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу күчтөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 669 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлеринин түзүмү жана курамы 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 669 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-февралындагы N 10 жарыяланды
Премьер-министри
М. Абылгазиев
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлеринин ТҮЗҮМҮ ЖАНА КУРАМЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 669 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Түзүмдүк бирдик
Саны
1
Жарандык коргонуу аскерлерин жалпы башкаруу органы - Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппараты
1
2
Жарандык коргонуу аскерлерин аймактык башкаруу органы - Жарандык коргонуу органдарынын аймактык бөлүмү (облустар, Бишкек, Ош шаарлары)
9
3
Жарандык коргонуу аскерлерин түздөн-түз башкаруу органы (райондор, облустук маанидеги шаарлар)
52
4
Куткаруу борбору
3
5
Суучулдар кызматы
1
6
Тоо кырсыгынан куткаруу кызматы
1
7
Аскердик башкарууну камсыздоо органы - Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү - кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору
1
8
Окуу борбору
1
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 41 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө ЖОБО"Положение · 05.02.2019 · № 41
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.03.2016 · № 97
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабры № 669 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Жарандык…Постановление · 12.12.2023 · № 669
- "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-январындагы № 5 токтому менен бекитилген)Положение · 10.01.2013 · № 5 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 10-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.01.2013 · № 5 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.03.2016 · № 97
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 10-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.01.2013 · № 5 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон