Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене. Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү принциптери
Күчүндө · 27.03.2023 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 27 марта 2023 года № 71
1. Жарандык коргонуу ишин уюштуруу жана жүргүзүү мамлекеттин бирден бир өтө маанилүү иш-милдеттеринин бири, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасында Жарандык коргонуу аймактык-тармактык принцип боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму тарабынан жүзөгө ашырылат. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму администрациялык-аймактык бирдиктердин базасында түзүлүүчү аймактык тутумчадан, министрликтердин жана ведомстволордун базасында түзүлүүчү тармактык тутумчадан тынчтык жана согуш мезгилинде, Жарандык коргонуу жаатында атайын милдеттерди чечүү үчүн түзүлүүчү атайын тутумчалардан турат.
2. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды пландоо жана жүзөгө ашыруу Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан экономикалык, жаратылыш жана башка мүнөздөмөлөрдү, калктын ар кандай топторунун демографиялык, гендердик, маданий өзгөчөлүктөрүн, аймактардын өзгөчөлүктөрүн жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучунун даражасын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар планы бар болгон күчтөрдүн жана каражаттардын зарыл жетиштүүлүк жана пайдалануу принциптерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат. Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигин түрүнө карабастан уюмдардын күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырылат. Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформасы аркылуу жүзөгө ашырылат. Согуш мезгилинде мамлекетти Жарандык коргонууга даярдоо Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан күн мурунтан, тынчтык мезгилинде - куралдардын, аскердик техниканын жана согуш аракеттерин жүргүзүүдө же ушул аракеттердин натыйжасында пайда болуучу коркунучтардан калкты коргонуу каражаттарынын өнүккөндүгүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында же айрым жерлеринде Жарандык коргонууну тынчтык мезгилден согуш мезгилине которуу Кыргыз Республикасынын Президенти согуш абалын жарыялаган учурдан же согуш аракеттери иш жүзүндө башталган учурдан тартып башталат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 27.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 27 марта 2023 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Гражданской защите"Редакцияларды салыштыруу
27.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…министрликтердин жана ведомстволордун базасында түзүлүүчү тармактык алынып салынды: тутумчадан, кошулду: тутумчадан тынчтык жана согуш мезгилинде, Жарандык коргонуу жаатында атайын милдеттерди чечүү үчүн түзүлүүчү … жана пайдалануу принциптерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Президенти тарабынан аныкталат.
Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар мамлекеттик … жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кошулду: менчигин түрүнө карабастан уюмдардын күчтөрү жана каражаттары менен кошулду: жүзөгө ашырылат.
Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
Согуш мезгилинде мамлекетти Жарандык коргонууга … же согуш аракеттери иш жүзүндө башталган учурдан тартып башталат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 509-т (Калктуу конуштарды куруунун оңдолгон башкы пландарынын негизинде гана курулуш үчүн жер…Распоряжение · 27.08.2024 · № 509-р
- Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 18.03.2017 · № 46
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111787/st-3" title="3-берене - Жарандык коргонуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>