Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Калктуу конуштарды куруунун оңдолгон башкы пландарынын негизинде гана курулуш үчүн жер участокторун бөлүп берүүнү жүргүзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 27-августу № 509-т Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен бирдикте акыркы жылдарда болуп өткөн өзгөчө кырдаалдарды же өзгөчө окуяларды эске алуу менен калктуу конуштарды куруунун оңдолгон башкы пландарынын негизинде гана курулуш үчүн жер участокторун бөлүп берүүнү жүргүзсүн. Курулуш үчүн пайдаланууга тыюу салуу үчүн үй-бүлөлөр көчүрүлгөн жерлерге инвентаризация жүргүзсүн;
2) тиешелүү деңгээлдеги Жарандык коргонуу боюнча аймактык комиссиялар менен бирдикте ведомстволук аймакта кооптуу табигый процесстер өнүккөн участокторду текшерүүлөрдү, профилактикалык жана алдын алуучу инженердик-техникалык иш-чараларды жүргүзсүн;
3) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары берген жазма буйруктарга ылайык кооптуу зоналарда жашаган үй-бүлөлөрдү милдеттүү түрдө көчүрүүнү жүзөгө ашырсын;
4) потенциалдуу кооптуу участоктордо жана дарыялардын, каналдардын нуктарына жана көлмөлөргө жакын жерлерде адамдардын массалык топтолушуна, эс алуу зонасын түзүүгө, эс алуу, тамактануу үчүн имараттарды жана курулмаларды курууга, селдин жана суу ташкындарынын өтүшүнө тоскоол болгон оюн аянтчаларын жана көпүрөлөрдү курууга тыюу салсын.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
1) суу аккан бардык коргоочу дамбаларга жана курулмаларга инвентаризация жүргүзсүн, алардын техникалык абалын бааласын, баланстык таандыктыгын, оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринин артыкчылыгын аныктасын, объекттердин ээсиз калуусуна жол бербесин;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте тиешелүү аймактарда жер алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштерди күчөтсүн.
3. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары ведомстволук аймактарда ирригациялык тармактарды тазалоо боюнча иштерди жүргүзсүн, алардын техникалык абалын бааласын, артыкчылыгын аныктасын жана аларды тазалоо, оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди токтоосуз жүргүзсүн.
4. Тиешелүү деңгээлдеги Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар:
1) жер-жерлерде өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан кийин турак үйлөрдүн, имараттардын жана курулмалардын бузулуу даражасын аныктасын жана тиешелүү актыларды түзсүн;
2) болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан кийин бекитилген Тартипке ылайык масштабына, көрүнүшүнүн мүнөзүнө жана оордугунун даражасына карабастан зыянды баалоону, аны эсепке алууну жана жоюуну системалаштырууну жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматты калкка өз убагында жеткирүүнү камсыз кылсын;
2) республиканын аймагында өзгөчө кырдаалдардын мониторингин жана болжолдоону жүзөгө ашырсын жана туруктуу режимде жүргүзсүн;
3) өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында ыкчам чараларды көрүү үчүн атайын алдын алуу жана жоюу иш-чараларын жүргүзүү практикасын улантсын.
6. Калктуу конуштардын, айыл чарба жерлеринин, электр берүү линияларынын, коммуникациялардын, жолдордун жана калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу башка социалдык жана чарбалык объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу, аларды коопсуз пайдалануу, ошондой эле сел, суу ташкыны жана жылышуу процесстеринен, суу каптоолордон жана башка кооптуу метеорологиялык жана табигый кубулуштардан инженердик коргоочу бардык болгон курулмаларды дайыма жумушчу абалда кармоо төмөнкүлөргө жүктөлөт деп белгиленсин:
1) калктуу конуштарды коргоо боюнча - жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине;
2) айыл чарба жерлерин жана гидротехникалык курулмаларды коргоо боюнча - жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине;
3) шаарларды коргоо боюнча - тиешелүү шаарлардын мэрияларына жана алардын кызматтарына;
4) автомобиль, темир жолдорун, көпүрөлөрдү, туннелдерди жана галереяларды коргоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине;
5) электр берүү линияларын, трансформатордук подстанцияларды, гидротехникалык курулмаларды, гидроэлектр станцияларын жана энергетика системасынын башка объекттерин жер көчкү, сел, кар көчкү жана суу ташкыны процесстеринин таасиринен коргоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине;
6) социалдык жана башка чарбалык объекттерди коргоо боюнча - алар балансында турган тиешелүү министрликтерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга.
7. Министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) калктуу конуштарды жана алардын инфраструктурасын өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды даярдасын жана дайыма даярдыкта кармасын;
2) табигый кырсыктарды профилактикалоо, алдын алуу жана аларга чара көрүү боюнча тиешелүү деңгээлдеги Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды түзсүн жана ишин уюштурсун;
3) ведомстволук аймактарда, өзгөчө жаз мезгилинде арык-ирригациялык тармактарды тазалоого калкты тартуу боюнча иштерди уюштурсун;
4) жер көчкү, кар көчкү жана сел жүрүү коркунучун азайтуу максатында жыл сайын жер көчкү, сел жүрүү коркунучу бар участоктордо эрозияга каршы жашыл бак-дарактарды отургузууну пландаштырсын жана ишке ашырсын;
5) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү маселелерин коллегиялардын жыйындарында туруктуу негизде карасын.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышуу үчүн жумушсуз жарандарды тартууну артыкчылыктуу тартипте карасын.
9. Бул тескеме ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жана кийинки жылдарга каралган каражаттарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын каражаттарынын чегинде ишке ашырылсын.
10. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54