Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья
Күчүн жоготкон · 06.08.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 августа 2025 года № 188.
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө "теле көрсөтүү жана радио уктуруу" деген сөздөр "телерадиоканалдар" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүндө "телеканалды, радиоканалды берүү (телекөрсөтүү, радио берүү), тиешелүүлүгүнө жараша телеканалдын, радиоканалдын курамында телепрограмманы, радиопрограмманы берүү" деген сөздөр "телерадио берүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Телерадио уюмдарынын массалык маалымат каражаттары Кыргыз Республикасынын граждандарына жана (же) телерадио берүүнү жүзөгө ашыруучу массалык маалымат каражаттарына ээлик кылган юридикалык жактын уставдык капиталындагы акцияларынын (үлүштөрүнүн) кеминде 65 пайызына чет элдик катышуусу жок юридикалык жактарга таандык болгон учурда гана түзүлүшү жана өз ишин жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";
3) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Массалык маалымат каражаттарын каттоо Массалык маалымат каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо (мындан ары - каттоо) массалык маалымат каражаттарын түзүү, кайра каттоо жана ишинин токтотулушу жөнүндө маалыматтарды массалык маалымат каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизүү аркылуу 10 жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Массалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Массалык маалымат каражаттарын жайылтууга ал катталгандан кийин жол берилет. Массалык маалымат каражаттарын каттоодон негизсиз баш тартуу же аны кечиктирүү административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.".
4) 7-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Массалык маалымат каражаттары жөнүндөЗакон · 02.07.1992 · № 938-XII · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111786/st-1" title="1-статья - Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>