11-берене. Ишенимдүү башкаруучунун сыйакысы
Күчүндө · 22.05.2018 редакциясы
1. Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сыйакыга, ошондой эле ага ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешенин эсебинен, бирок тиешелүү мезгилдеги кирешенин 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууда жумшалган зарыл чыгымдардын ордун толтурууга укуктуу.
2. Ишенимдүү башкаруучунун башкаруу боюнча чыгымдарынын орду төмөнкүдөй толтурулат:
1) акциялар аркылуу, ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө, ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген акциялар боюнча дивиденддердин эсебинен жүзөгө ашырылат;
2) үлүштөр аркылуу, ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө, ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген үлүшкө тиешелүү таза пайданын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, мүлктүк комплексти башкаруу боюнча ишенимдүү башкаруучунун чыгымдарынын ордун толтуруу мамлекеттик мүлктү иштетүүдөн алынган кирешенин эсебинен, ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
4. Ишенимдүү башкаруучунун мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча зарыл болгон чыгымдарынын өлчөмү ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан жыл сайын макулдашылууга жана бекитилүүгө тийиш.
5. Ишенимдүү башкаруучунун сыйакысынын өлчөмү өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануудан алынган финансылык-чарбалык иштердин натыйжаларына жараша аныкталат.
Берененин тексти 22.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111784/st-11" title="11-берене - Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>