10-берене. Кепилдик төгүм
Күчүндө · 22.05.2018 редакциясы
1. Кепилдик төгүмдүн (камсыз кылуунун) өлчөмү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилүүчү мамлекеттик мүлктүн наркынын 10 пайызынан кем эмесин түзүүгө тийиш жана конкурстук комиссия тарабынан, ал эми стратегиялык объекттер боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Кепилдик төгүм конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийинки он жумушчу күндүн ичинде, төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилүүгө тийиш:
1) эгерде конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылбаса;
2) эгерде конкурс болгон жок деп таанылса;
3) эгерде конкурска катышуу үчүн берилген билдирме конкурстун катышуучусу тарабынан чакыртылып алынса.
3. Кепилдик төгүм ишенимдүү башкаруучуга ишенимдүү башкаруу келишими боюнча милдеттенмелер аткарылган шартта кайтарылып берилет.
4. Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишими боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, кепилдик төгүм соттун чечиминин негизинде кармалышы мүмкүн.
5. Жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) 51 пайызынан көбү мамлекетке таандык болгон чарбалык шериктиктерге жана коомдорго мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга түз өткөрүп берген учурда, кепилдик төгүм талап кылынбайт.
Берененин тексти 22.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111784/st-10" title="10-берене - Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>