12-берене. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 22.05.2018 редакциясы
1. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) укуктары:
1) ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын жана бүтүндүгүн текшерүү;
2) документтерди жана маалыматтарды расмий суроо-талаптардын негизинде алуу;
3) акционерлердин жана катышуучулардын жалпы чогулушунда ишенимдүү башкаруучунун ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
4) ишенимдүү башкаруучу тарабынан ишенимдүү башкаруу келишиминин шарттарынын аткарылышын текшерүү.
2. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучуга ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө өткөрүп берүүгө;
2) ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сыйакыны төлөөгө жана ишенимдүү башкаруучунун зарыл чыгымдарынын ордун толтурууга.
Берененин тексти 22.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111784/st-12" title="12-берене - Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>