6-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун милдеттери
Күчүндө · 04.11.2022 редакциясы
Кызыл Жарым Ай Коому Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн жардамчы уюм катары өзүнүн компетенциясынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында калктын саламаттыгын сактоо боюнча, анын ичинде адамдын азап чегүүсүн жеңилдетүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө катышуу;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында куралдуу чыр-чатактардын, башка кырдаалдардагы зомбулуктун курмандыктарына, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга жардамды уюштуруу;
3) ар кандай категориядагы жарандарды багууну жүзөгө ашырууга, муктаж адамдарга гуманитардык, материалдык, медициналык, социалдык, психологиялык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө катышуу;
4) эл аралык гуманитардык укук жөнүндө билимди жайылтуу;
5) Кызыл Жарым Ай Коомунун принциптеринен жана максаттарынан келип чыккан башка милдеттерди аткарууну камсыз кылуу.
Берененин тексти 04.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111752/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>