10-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсү
Күчүндө · 04.11.2022 редакциясы
1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Кызыл Жарым Ай Коому бардык деңгээлдердеги мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырат жана кызматташуунун негизги багыттары жана усулдары аныкталган макулдашууларды түзүүгө укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Кызыл Жарым Ай Коомун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүн тарта алат жана биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн, анын ичинде мамлекеттик заказдын негизинде колдоо көрсөтө алат.
3. Кызыл Жарым Ай Коомунун Федерацияга жыл сайын төлөөчү төгүмдөрү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 04.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111752/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>