7-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун ишинин негизги багыттары
Күчүндө · 04.11.2022 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 ноября 2022 года № 103
7-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 7-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кызыл Жарым Ай Коому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана өзүнүн компетенциясынын алкагында:
1) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча калктын аялуу катмарынын арасында жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын-алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө катышат;
2) эл аралык стандарттарга жана сунуштамаларга ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдарынын сунуштамаларын эске алуу менен өз ишинин түрүнө жараша жабыркаган же катуу ооруган адамдар менен иштеген жеке жана мамлекеттик уюмдар менен мекемелердин кызматкерлерин дарыгерге чейинки биринчи жардамдын көндүмдөрүнө окутууларды уюштурат;
3) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирдикте тынчтык убагында жана куралдуу чыр-чатактардын мезгилинде кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштурууга катышат, калк арасында дарылоо максаттарында канды жана анын компоненттерин акысыз тапшырууну пропагандалайт;
4) жардамга муктаж адамдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен бирдикте медициналык-санитардык, психологиялык жана башка медициналык-социалдык жардам көрсөтүүгө катышат;
5) жардамга муктаждарды үйүндө багууну, калктын аялуу катмарларына жардам көрсөтүүнү жүзөгө ашырууга катышат;
6) "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинде белгиленген тартипте эл аралык чукул жардам берүү тууралуу Кыймылдын курамдык бөлүктөрүндө суроо-талапты жүзөгө ашырат;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыймылдын курамдык бөлүктөрүнөн алынуучу гуманитардык жардамды кабыл алууну, сактоону жана бөлүштүрүүнү уюштурат;
8) өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү максатында калктын, юридикалык жактардын арасында жана чет мамлекеттер ортосунда кайрымдуулук каражаттарды чогултууну Кыргыз Республикасынын жарандык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирдикте уюштурат;
9) Кыргыз Республикасынын жарандык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагында кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
10) өзгөчө кырдаалдарга баа берүүгө жана даярданууга көмөк көрсөтөт, ошондой эле аларды эскертүүгө жана алдын алууга катышат;
11) областтык деңгээлге чейинки масштабдарда өзгөчө кырдаалдарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын жарандык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирдикте калкка гуманитардык жардамдарды координациялоону, кабыл алууну, сактоону жана бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырат;
12) мамлекеттик органдар жана жарандык коргоо түзүмдөрү менен бирдикте өзгөчө кырдаалдар, анын ичинде куралдуу чыр-чатактар учурунда ыктыярдуу куткаруу командаларын түзүү менен алгачкы жардамдарды берет;
13) мамлекеттик органдарга өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде куралдуу чыр-чатактардын натыйжасында жабыр тарткандар үчүн убактылуу үй-жай уюштурууга жардам берет;
14) мамлекеттик органдар менен бирдикте дайынсыз жоголгондорду издөөнү жүзөгө ашыруу максатында куралдуу чыр-чатактардын, өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында ажыраган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды калыбына келтирүүгө көмөктөшөт, үй-бүлөлөрдү кайта бириктирүүгө жардам берет;
15) куралдуу чыр-чатактардын курмандыктарына, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү максатында Кыймылдын курамдык бөлүктөрү менен өз ара аракеттенет, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкаркы жерлерде гуманитардык ишти жүзөгө ашырууда бул уюмдарга көмөк көрсөтөт;
16) эл аралык гуманитардык укук жөнүндө билимдерди калк арасында жайылтуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
17) Кыргыз Республикасынын илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча басма жана илим-изилдөө ишин жүзөгө ашырат;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер менен ага жүктөлгөн башка иш-милдеттерди аткарат.
(КР 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 04.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 ноября 2022 года № 103 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном Обществе Красного Полумесяца Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
04.11.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бөлүктөрүндө суроо-талапты жүзөгө ашырат;
7) Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен … аралык келишимдер менен ага жүктөлгөн башка иш-милдеттерди аткарат.
кошулду: (КР 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Эл аралык чукул жардам жөнүндөЗакон · 17.06.2017 · № 104
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111752/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>