Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 16.02.2023 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34
1. Мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жана башкарууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Координациялык кеңеш, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик сырларды коргоо маселелерин жөнгө салуунун алкагында төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү жалпы саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын аткарууну камсыз кылат, ошондой эле мамлекеттик сырларды коргоо маселелеринде мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга жетекчиликти жүзөгө ашырат;
3) бул жаатта ишти уюштуруу, иштөө, каржылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу тартибин аныктайт;
4) Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин бекитет;
5) Кыргыз Республикасында жашыруундук режимин камсыз кылуу боюнча нускаманы бекитет;
6) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана уюмдарды өзгөчө маанилүү жана режимдик объекттердин категориясына киргизүү, алардын иштөө тартибин бекитет, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын баруусу үчүн убактылуу жабык аймактардын тизмегин бекитет;
7) жашыруун кылынууга тийиш болгон маалыматтардын ведомстволук тизмектерин иштеп чыгуу тартибин белгилейт;
8) Кыргыз Республикасындагы Шифрлөө кызматы боюнча нускаманы бекитет, Кыргыз Республикасынын маалыматтык-телекоммуникациялык системаларында маалыматты коргоо каражаттарын, анын ичинде маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын колдонуу жана пайдалануу тартибин аныктайт;
9) жашыруун маалыматты ачыкка чыгаруунун натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо тартибин белгилейт;
10) жашыруун маалыматты бирге пайдалануу жана коргоо жөнүндө эл аралык келишимдерди түзөт, аны алып жүрүүчүлөрдү башка мамлекеттерге өткөрүп берүүгө контролду жүзөгө ашырат;
11) мамлекеттик сырларды коргоо боюнча ишти контролдоону жана уюштурууну жүзөгө ашыруу максатында кызыкдар мамлекеттик органдардын катышуусу менен Координациялык кеңешти түзөт;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырларды коргоо маселелери боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Координациялык кеңеш:
1) Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырларды коргоо боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууга, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жумушун уюштурууга контролду жүзөгө ашырат;
2) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттин саясатынын негизги багыттары боюнча сунуштарды киргизет;
3) мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик программаларды, нормативдик жана методикалык документтерди иштеп чыгууну жана аткарууну уюштуруу боюнча сунуштарды киргизет;
4) бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар аткарууга милдеттүү чечимдерди өз ыйгарым укуктарына ылайык кабыл алат;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чектеринде:
1) мамлекеттик сырлардын сакталышын, байланыштын атайын түрлөрүнүн жана шифрлөө ишинин коопсуздугун, чет өлкөлүк чалгындардын техникалык каражаттарына каршы аракеттенүүнү камсыз кылууга контролду уюштурат;
2) мамлекеттик сырларды коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарын иштеп чыгуу жана аткаруу кызыкчылыгында мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуу субъекттеринин ишин координациялайт жана контролдойт;
3) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда жашыруундук режимин текшерүүнү жүзөгө ашырат;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик сырларды коргоо боюнча укуктук, администрациялык, экономикалык, техникалык, программалык жана криптографиялык чаралардын системасын аткарууга контролду жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга жетүүнү жол-жоболоштурууда Кыргыз Республикасынын жарандарын текшерүү иш-чараларын жүзөгө ашырат;
6) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен жумуштарды жүргүзүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө уруксатты белгиленген тартипте берет;
7) мамлекеттик сырларды коргоо маселелеринде мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт;
8) мамлекеттик сырларды коргоону, мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрдүн кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылууга жооптуу жетекчилерди аттестациялоонун тартибин уюштурат;
9) мамлекеттик сырларды пайдалануу менен иш-аракет жүргүзүүчү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга айкындалган кемчиликтерди четтетүү сунуштамаларын киргизүүгө, тийиштүү чараларды көрүүнү жана алардын аткарылышын маалымдоону талап кылууга укуктуу;
10) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябры № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2013 · № 531
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 "Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик…Постановление · 26.04.2024 · № 206
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 427 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо…Постановление · 23.08.2023 · № 427
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды…Постановление · 26.05.2026 · № 370
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 “Маалыматтарды…Постановление · 14.08.2026 · № 547
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябры № 674 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 238 "Жумушу мамлекеттик…Постановление · 12.11.2024 · № 674
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябры № 703 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 "Маалыматтарды…Постановление · 20.11.2024 · № 703
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик материалдык резерв маселеси боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 16.03.2020 · № 159 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан…Постановление · 18.09.2026 · № 630 · Күчүнө кире элек
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111719/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>