Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-09-18.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 18-сентябры № 630
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо, маалыматтык инфраструктуранын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 «Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункт «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 «Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 162-пункт менен толукталсын:
«162. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы.»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегинде:
– 5-пункттун «Экономика, илим жана техника жаатындагы маалыматтар» главасы төмөнкүдөй мазмундагы 513-пунктча менен толукталсын:
«
| 513 | Укук коргоо жана сот секторунун маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун техникалык мүнөздөмөлөрү, архитектурасы, маалыматты коргоо каражаттары, эсептөө кубаттуулугу жана башка параметрлери жөнүндө маалыматтар, анын ичинде сервердик жабдуулар, маалыматтарды сактоо системалары, тармактык инфраструктура, программалык-аппараттык комплекстер жана мамлекеттик сырларга кирген мамлекеттик маалымат ресурстарын иштеп чыгуу жана коргоо үчүн арналган маалыматтык коопсуздук чаралары жөнүндөмаалыматтар | БП |
»;
– кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«БП – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 71 (3831) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндөЗакон · 15.12.2017 · № 210 (15)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 "Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик…Постановление · 26.04.2024 · № 206