Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 „Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 23-августу № 427 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 4-пункттун экинчи абзацында "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункттун экинчи абзацында жана 6, 7-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Премьер-министр" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 71 (3520) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 токтому менен бекитилген) "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" ЖобосуПоложение · 30.09.2013 · № 531
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябры № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2013 · № 531
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябры № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2013 · № 531
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндөЗакон · 15.12.2017 · № 210 (15)