Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
743-берене. Кыргыз Республикасынын өзгөчө бюджетинин долбоорун бекитүү
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана конституциялык мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасында өзгөчө, согуштук абал киргизилген учурда Өкмөт тарабынан киргизилген өзгөчө бюджетти биринчи кезектеги тартипте карайт.";
4) 101-берененин 1-бөлүгүнө:
а) 1-пункттагы "15-сентябрдан" деген сөздөр "отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-октябрынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Эсептөө палатасынын төрагасынын:
а) Эсептөө палатасынын мурдагы жылдагы иши жөнүндө - 20-июндан кечиктирбестен;
б) республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүүдө республикалык бюджетти аткаруу аудитинин натыйжалары жөнүндө - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен;";
в) 6 жана 7-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 102 жана 103-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"102-берене. Жогорку Кеңештин бюджеттердин аткарылышын кароосу
1. Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышына контролду жүзөгө ашырат.
Тармактык комитет тиешелүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду тиешелүү мыйзамдардын жана ушул Регламенттин жоболоруна ылайык Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттердин, комитеттердин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен карайт жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
2. Ыйгарым укуктуу орган отчеттук кварталдан кийин 15 календардык күндөн кечиктирибестен бюджеттик каражаттардын учурдагы чыгымдалышы жөнүндө маалыматты Жогорку Кеңештин тармактык комитетине берет. Тармактык комитет квартал сайын маалыматты алган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен аны Жогорку Кеңештин фракцияларына жана комитеттерине жиберет.
3. Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин учурдагы аткарылышын жылына төрт жолудан ашык эмес кароого;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык бюджеттен каржыланган уюмдардын каражаттарды пайдалануу натыйжалуулугунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетторун жана аудит жөнүндө башка отчетторду мыйзамдарга ылайык суратууга.
4. Жогорку Кеңеш комитеттин (комитеттердин) сунуштары боюнча белгиленген бюджеттерди учурдагы аткаруу маселелерин кароонун жыйынтыктары боюнча бул бюджеттердин аткарылышы жөнүндө атайын отчетторду даярдоону Эсептөө палатасына тапшырууга укуктуу.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111679/st-743" title="743-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>