742-берене. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзам долбоорлорун кароо
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Өкмөт кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык, кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
2. Жогорку Кеңештин парламенттик фракциялары жана комитеттери Жогорку Кеңешке белгиленген бюджеттердин долбоорлорун берген күндөн тартып 20 күндүн ичинде:
1) мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын жана Эсептөө палатасынын төрагасынын бул бюджеттердин долбоорлоруна карата корутундусун угат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен бюджеттердин долбоорлору боюнча корутундуларды Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна киргизет;
3) Жогорку Кеңештин комитеттери жана фракциялары тарабынан республикалык бюджеттин белгилүү бир чыгымдарын көбөйтүү жөнүндө чечимдер кабыл алынган учурда, Милдеттүү тартипте чыгымдардын башка категорияларын тиешелүү көлөмдө кыскартуу тууралуу сунуштар киргизилет жана/же кошумча чыгымдарды каржылоонун конкреттүү булактары аныкталат.
3. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзамдарды кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен үч окууда карайт жана кабыл алат.
4. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жана аларга өзгөртүүлөр жөнүндө мыйзамдар кабыл алынган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде Президентке кол коюуга жиберилет.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
742-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111679/st-742" title="742-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>