Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
71-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери тарабынан каралышы
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын жактырылган долбоорун кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
2. Жогорку Кеңештин парламенттик фракциялары жана комитеттери Жогорку Кеңешке республикалык бюджеттин долбоору берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде:
1) республикалык бюджеттин долбооруна карата мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин карамагына кирген маселелер боюнча Судьялар кеңешинин төрагасынын маалыматын жана Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларынын корутундуларын угат;
2) Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, жетекчилик кылынуучу багыттар боюнча республикалык бюджет боюнча корутундуларды берет;
3) Жогорку Кеңештин комитеттери жана фракциялары тарабынан республикалык бюджеттин белгилүү бир чыгымдарын көбөйтүү жөнүндө чечимдер кабыл алынган учурда, милдеттүү тартипте чыгымдардын башка категорияларын тиешелүү көлөмдө кыскартуу тууралуу сунуштар киргизилет жана/же кошумча чыгымдарды каржылоонун конкреттүү булактары аныкталат.
3. Жогорку Кеңештин тармактык комитети:
1) Жогорку Кеңештин фракцияларынын жана комитеттеринин, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын корутундуларын аларды жалпылоо үчүн карайт;
2) республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууларды өткөрөт;
3) Премьер-министрдин, Өкмөт мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлеринин, комитеттеринин төрагаларынын жана депутаттардын катышуусу менен республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча кеңейтилген жыйналыш өткөрөт;
4) республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун, Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен ага корутундуну Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
4. Республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде кароо долбоор Жогорку Кеңешке сунуш кылынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде аяктоого тийиш жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен өтөт.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111679/st-71" title="71-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>