1-берене
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 2-бөлүгүндөгү "8-10, 12, 13" деген цифралар "8-13" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 70-74-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"70-берене. Бюджеттерди түзүүнүн жалпы жоболору
1. Республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү болжолунун, Жогорку Кеңештин Бюджеттик резолюциясынын, Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык түзүлөт.
2. Жогорку Кеңештин бюджеттик резолюциясы орто мөөнөттүү мезгилге бюджет саясатынын негизги багыттарын жана республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда багыттама болуп саналган мамлекеттик бюджеттин артыкчылыктарын аныктайт.
3. Жогорку Кеңештин тармактык комитети Бюджеттик резолюциянын долбоорун иштеп чыгат, анда Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, келерки жылга бюджеттик саясаттын негизги багыттары чагылдырылат жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
4. Жогорку Кеңештин бюджеттик резолюциясы токтом менен жактырылат жана катышып отурган депутаттардын санынын көпчүлүгү, бирок 50дөн кем эмес добушу менен 30-апрелге чейин кабыл алынат.
5. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери учурдагы бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматты тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан суроого жана тиешелүү корутунду берүү үчүн аны Эсептөө палатасына жиберүүгө укуктуу.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111679/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>