Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 2-августу № 170 Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 29-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 221-статьянын 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) мыйзамда белгиленген учурларда;";
2) 335-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү өндүрүп алуу күрөө жүйөсүн соттон тышкары тартипте өндүрүү жол-жобосун баштоо жөнүндө кабар жөнөтүлгөн датага чейин милдеттенмелерин аткарууда ырааттуу үч айдан ашык үзгүлтүксүз бузуулар болгондо демилгеленет.";
3) 336-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өндүрүп алуу учуруна карата күрөөгө коюлган мүлктүн соодалашуу башталгандагы алгачкы сатык баасы күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу менен (335-статьянын 2-пункту), ал эми кыймылсыз мүлккө карата - мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү сертификаты бар, көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен, күрөө кармоочунун жана күрөө берүүчүнүн ортосундагы кошумча макулдашуу менен же болбосо соттун чечими менен (335-статьянын 1-пункту) аныкталат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 22-августунда № 95 (2820) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине Караштуу Мамлекеттик Салык Кызматынын 2023-жылдын 16-октябрындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 16.10.2023 · № 277
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1810-VI "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.06.2017 · № 1810-VI