1-берене
Күчүндө · 02.08.2017 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 221-статьянын 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) мыйзамда белгиленген учурларда;";
2) 335-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү өндүрүп алуу күрөө жүйөсүн соттон тышкары тартипте өндүрүү жол-жобосун баштоо жөнүндө кабар жөнөтүлгөн датага чейин милдеттенмелерин аткарууда ырааттуу үч айдан ашык үзгүлтүксүз бузуулар болгондо демилгеленет.";
3) 336-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өндүрүп алуу учуруна карата күрөөгө коюлган мүлктүн соодалашуу башталгандагы алгачкы сатык баасы күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу менен (335-статьянын 2-пункту), ал эми кыймылсыз мүлккө карата - мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү сертификаты бар, көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен, күрөө кармоочунун жана күрөө берүүчүнүн ортосундагы кошумча макулдашуу менен же болбосо соттун чечими менен (335-статьянын 1-пункту) аныкталат.".
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111677/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>