17-берене
09.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сыйлоо же ардак наамды ыйгаруу жөнүндө жарлыкты чыгаруу, андан ары мамлекеттик сыйлыктарды же ардак наамдардын документтерин тапшыруу менен жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик сыйлыктарды жана ыйгарылган ардак наамдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча жана анын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана башка кызмат адамдары тапшыра алышат.
3. Сыйланган адамга мамлекеттик сыйлык жана сыйлоону ырастоочу документ берилет.
4. Ардак наам ыйгарылган адамга ардак наамды ыйгарууну ырастоочу документ берилет.
5. "Баатыр эне" орденинен тышкары, "Ак Шумкар" өзгөчө белгисине жана Кыргыз Республикасынын ордендерине дайыма тагынып жүрүү үчүн алардын кичирейтилген көчүрмөлөрү кошо тиркелет.
Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган адамдар мамлекеттик сыйлыктардын өзүн же алардын кичирейтилген көчүрмөлөрүн тагынып жүрө алышат.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111664/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>