13-берене
09.08.2023 редакциясы · 2-глава
1. "Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардак наамы жалпы элдик таанылууга ээ болгон мыкты көркөм образдарды, спектаклдерди, телеспектаклдерди, телефильмдерди, кинофильмдерди, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телеберүү жана радио чыгармаларын жараткан артисттерге, музыкалык аткаруучуларга, композиторлорго, дирижерлорго, режиссерлорго, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, төкмө акындарга, музыкалык, хор, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.
2. "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" ардак наамы ата мекендик адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү көркөм чыгарма жаратканы үчүн жазуучуларга ыйгарылат.
3. "Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардак наамы акындык чыгармачылыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү көркөм чыгарма жаратканы үчүн акындарга ыйгарылат.
4. "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" ардак наамы живопистин, скульптуранын, графиканын, монументалдык, декоративдүү-колдонмо искусствонун жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү чыгармаларын жараткан сүрөтчүлөргө ыйгарылат.
5. Кыргыз Республикасынын ардак наамына татыктуу болгондорго Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.
Төш белги төштүн оң тарабына, Кыргыз Республикасынын башка төш белгилеринин алдына тагылат.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111664/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>