12-берене
09.08.2023 редакциясы · 2-глава
1. "Эне даңкы" медалы менен ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, энелер - алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана башка балдары тирүү Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат.
2. "Эне даңкы" медалы менен сыйлоодо төмөнкү балдар эске алынат:
1) эгерде асырап алгандан кийин кеминде 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар чогуу жашаса, мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар;
2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.
3. "Эне даңкы" медалы төштүн сол тарабына, "Даңк" медалынан кийин тагылат.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021 жылдын 12- майындагы № 151 "Республиканын көп балалуу энелерин "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.05.2021 · № 151
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы ПЖ № 138 "Республиканын көп балалуу энелерин "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 26.05.2023 · № 138
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111664/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>