4-берене
09.08.2023 редакциясы · 2-глава
1. "Манас" ордени менен Кыргыз Республикасынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн, ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар сыйланышат.
2. "Манас" орденинин төмөнкүдөй 3 даражасы бар:
1) I даражадагы "Манас" ордени;
2) II даражадагы "Манас" ордени;
3) III даражадагы "Манас" ордени.
"Манас" ордени менен сыйлоо ырааттуулукта - III даражадан I даражага карата жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Президенти жарандарды өзгөчө учурларда ушул бөлүктө белгиленген ырааттуулукту сактабастан "Манас" ордени менен сыйлай алат.
3. "Манас" ордени төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын башка ордендери менен медалдарынын алдына тагылат.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 25.07.2002 · № 130
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111664/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>