6-берене. Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
1. Тартип комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү комиссиянын биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып 3 жылды түзөт.
2. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, жаңы мүчө ыйгарым укуктардын калган мөөнөтүнө тиешелүү орган тарабынан Судьялар кеңешине бир айдан кеч эмес мөөнөттө, гендердик өкүлчүлүктүн талаптарын эске алуу менен сунушталууга тийиш.
3. Бир эле адам катары менен экиден ашык мөөнөткө Тартип комиссиясынын мүчөсү боло албайт.
4. Тартип комиссиясынын курамын түзгөн органдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаган же токтогон, парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын курамы өзгөргөн учурда, Тартип комиссиясынын мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну мөөнөтү аяктаганга чейин уланта берет.
5. Тартип комиссиясынын жаңы курамын түзүү аракеттеги курамдын ыйгарым укуктары аяктаганга чейин 3 ай калганда башталат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>