5-берене. Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
1. Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлердин курагы 40 жаштан кем болбоого, юридикалык жогорку билими, юридикалык адистик боюнча 15 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы жана кынтыксыз аброю болууга тийиш. Судьялык коомдоштуктан сунушталган талапкерлер судьялык кызмат ордунда кеминде 5 жыл иш стажына ээ болууга тийиш.
2. Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө төмөнкүдөй адамдар талапкер боло албайт:
1) соттуулугу барлар, анын ичинде соттуулугу жоюлгандар же алып салынгандар;
2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда судьянын кызмат ордунан бошотулгандар;
3) укук коргоо органынын кызматкеринин наамына шек келтиргендигине байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулгандар же адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиядан ажыратылгандар;
4) кылмыш жасагандыгына шектелгендер же айыпталгандар же болбосо жазыктык куугунтуктоо реабилитацияланбай турган негиздер боюнча токтотулгандар;
5) саясий партиялардын мүчөсү болуп саналгандар;
6) чет мамлекеттин жарандыгы барлар же Кыргыз Республикасынын жарандыгы жоктор.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>