7-берене. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздер
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
1. Тартип комиссиясынын мүчөсү ыйгарым укуктарын төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотот:
1) арыз бергенде;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда;
4) соттун айыптоочу өкүмү же болбосо жазыктык куугунтуктоону реабилитацияланбай турган негиздер боюнча токтотуу жөнүндө токтому мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) аны аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;
6) өлгөндө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;
7) аны дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;
8) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына бир жылдын ичинде үч же андан көп ирет жүйөсүз себептер менен келбей койгондо;
9) тартип бузуунун материалы боюнча купуя маалыматты ачыктаганда;
10) анык эмес маалымат бергендигинин фактылары айкындалганда.
2. Тартип комиссиясынын судья жана мамлекеттик кызматкер болуп саналган мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары судьялардын ыйгарым укуктары токтотулган жана мамлекеттик кызматкер кызмат ордунан бошотулган учурларда да мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
3. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу Тартип комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>