10-берене. Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
1. Тартип комиссиясынын мүчөсү:
1) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына катышат;
2) даттанууларды жана сунуштамаларды (мындан ары - кайрылуу) алдын ала кароону жүзөгө ашырат;
3) Тартип комиссиясынын кароосуна коюлган материалдар менен таанышат;
4) кызматтык иликтөө жүргүзөт, материалдарды изилдейт жана текшерет;
5) каралып жаткан маселе боюнча далилдүү жана негиздүү жүйөлөрдү келтирет;
6) ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алууга катышат;
7) Тартип комиссиясынын чечимдерине кол коет;
8) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Тартип комиссиясынын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Тартип комиссиясынын компетенциясына кирген маселелерди кароодо калыс жана объективдүү болууга;
2) тартиптик материалда камтылган купуя маалыматты ачыктабоого;
3) эгерде чечим кабыл алынып жаткан адам анын жакын тууганы болуп саналса, Тартип комиссиясынын жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселени кароодо өзүн өзү четтетүү билдирүүгө.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>