20-берене. Кайрылуу боюнча Тартип комиссиясынын чечим кабыл алуусу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
1. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча Тартип комиссиясы чечим кабыл алат.
2. Тартип комиссиясынын чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Кызматтык иликтөө жүргүзгөн Тартип комиссиясынын мүчөсү чечим кабыл алууга катышууга укугу жок.
3. Тартип комиссиясынын чечими кеңешүүчү бөлмөдө кабыл алынат.
Тартип комиссиясынын төрагасы, ал болбогондо төраганын орун басары Тартип комиссиясынын чечиминин корутунду бөлүгүн жарыя кылат, ал эми Тартип комиссиясы чечимдин корутунду бөлүгү жарыя кылынган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жүйөлөнгөн чечим даярдайт. Тартип комиссиясынын кабыл алынган чечим боюнча өзгөчө пикири бар мүчөсү аны жүйөлөрүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө баяндай алат. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн өзгөчө пикири комиссиянын чечими менен бирге жарыя кылынат.
4. Чечимге төрагалык кылуучу жана Тартип комиссиясынын кайрылууну кароого катышкан мүчөлөрү кол коёт.
5. Судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу тууралуу маалымат Тартип комиссиясынын веб-сайтында (веб-баракчада) жарыяланат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>