9-берене. Тартип комиссиясынын төрагасынын жана төраганын орун басарынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
1. Тартип комиссиясынын төрагасы:
1) Тартип комиссиясынын ишин уюштурат;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Тартип комиссиясынын атынан чыгат;
3) жыйналыштарды чакырат, Тартип комиссиясынын жыйналыштарынын кароосуна коюлуучу маселелерди аныктайт;
4) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына төрагалык кылат;
5) Тартип комиссиясынын ишинин натыйжаларын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;
6) Президентке, Жогорку Кеңешке, Судьялар кеңешине Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу маалымат берет;
7) Жергиликтүү соттордун ишин камсыздоочу, Жогорку сотко караштуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчисине Тартип комиссиясынын ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана методикалык жактан камсыз кылуучу бөлүмдүн иши тууралуу маалымат берет.
2. Тартип комиссиясынын төрагасы болбогон мезгилде анын ыйгарым укуктарын төраганын орун басары аткарат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>