6-берене. Электрондук колтамга коюлган электрондук документтерди өз колу коюлган кагаз түрүндөгү документтер менен бир мааниде деп таануу шарттары
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
6-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 6-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Документти электрондук формада түзүүгө тыюу салуу мыйзамдарда же башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген учурларды кошпогондо, квалификацияланган электрондук колтамга коюлган электрондук формадагы маалымат өз колу коюлган кагаз түрүндөгү документ менен бирдей маанидеги электрондук документ деп таанылат.
2. Эгерде документти электрондук формада түзүүгө тыюу салуу мыйзамдарда же башка ченемдик укуктук актыларда белгиленбесе гана, ченемдик укуктук актыларда же электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашуусунда белгиленген учурларда, жөнөкөй электрондук колтамга же квалификацияланбаган электрондук колтамга коюлган электрондук формадагы маалымат өз колу коюлган кагаз түрүндөгү документ менен бирдей маанидеги электрондук документ деп таанылат. Квалификацияланбаган электрондук колтамга коюлган электрондук документтерди өз колу коюлган кагаз түрүндөгү документ менен бирдей мааниде деп таануу учурларын белгилөөчү ченемдик укуктук актыларда жана электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашууларында электрондук колтамганы текшерүүнүн тартиби каралышы керек.
3. Эгерде мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга же документтерди иштиктүү жүгүртүү адатына ылайык кагаз түрүндөгү документ мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш болсо, күчөтүлгөн электрондук колтамга коюлган электрондук документ өз колу коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документ менен бирдей маанидеги документ деп таанылат. Ченемдик укуктук актыларда же электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашуусунда электрондук документти мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документ менен бирдей мааниде деп таануу максатында электрондук документке карата кошумча талаптар каралышы мүмкүн.
4. Электрондук документтердин пакетине, башкача айтканда өз ара байланышкан бир нече электрондук документтерге бир электрондук колтамга коюлушу мүмкүн. Электрондук документтердин пакетине электрондук колтамга коюуда ушул пакетке кирүүчү документтердин ар бирине электрондук колтамганын электрондук документтердин пакетине коюлган түрү коюлду деп эсептелет.
5. Эгерде мыйзамдарга, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, так отчеттуулук бланкасын пайдалануу менен кагаз түрүндөгү документтерди тариздөөгө өзгөчө талаптар коюлса, квалификацияланган электрондук колтамга коюлган электрондук документ бул талаптарга ылайык келет деп эсептелет.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 157 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка…Постановление · 20.04.2021 · № 157
- 2021-жылдын 28-октябры № 52 Тышкы соода иш аракетин жүргүзсүн ишке ашыруу үчүн “бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашырууга мамлекеттик…Приказ · 28.10.2021 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 688 "Бажы органдарынын маалыматтык системаларын пайдалануу менен электрондук формада бажы…Постановление · 21.12.2023 · № 688
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электрондук колтамга жөнүндө", "Террористтик ишин каржылоого жана кылмыштуу…Постановление · 12.06.2020 · № 335
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 157 токтомуПостановление · 20.04.2021 · № 157
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111635/st-6" title="6-берене - Электрондук колтамга жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>