Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Электрондук колтамгалардын түрлөрү
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
1. Жөнөкөй электрондук колгамга жана күчөтүлгөн электрондук колтамга пайдаланылышы жаатындагы мамилелер ушул Мыйзамда жөнгө салынган электрондук колтамга түрлөрү болуп саналат. Күчөтүлгөн квалификацияланбаган электрондук колтамга (мындан ары - квалификацияланбаган электрондук колтамга) жана күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук колтамга (мындан ары - квалификацияланган электрондук колтамга) өз-өзүнчө бөлүнөт.
2. Колтамга ачкычы (коддор, паролдор жана башка идентификаторлор) электрондук колтамганын өзүнө дал келген электрондук колтамга жөнөкөй электрондук колтамга болуп саналат.
3. Төмөнкү белгилерге ылайык келген электрондук колтамга квалификацияланбаган электрондук колтамга болуп саналат:
1) колтамга ачкычын пайдалануу менен маалыматты криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында электрондук колтамга алынат;
2) электрондук колтамга электрондук документке кол койгон адамды так аныктоого мүмкүндүк берет;
3) электрондук колтамга электрондук документке кол койгондон кийин ага өзгөртүүлөрдү киргизүү фактыларын табууга мүмкүндүк берет;
4) электрондук колтамга электрондук документке кол коюучу адам өзүнүн контролдугу астында сактай ала турган электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлөт.
4. Квалификацияланбаган электрондук колтамганын бардык белгилерине жана төмөнкүдөй кошумча белгилерге ээ болгон электрондук колтамга квалификацияланган электрондук колтамга болуп саналат:
1) электрондук колтамганы текшерүү ачкычы квалификацияланган сертификатта көрсөтүлөт;
2) электрондук колтамганы түзүү жана текшерүү үчүн ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келишине тастыктоо алган электрондук колтамга каражаттары пайдаланылат.
5. Эгерде электрондук колтамганын квалификацияланбаган электрондук колтамганын ушул Мыйзамда белгиленген белгилерине ылайык келүүсүн колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын пайдаланбастан камсыз кылууга мүмкүн болсо, квалификацияланбаган электрондук колтамганы пайдаланууда колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты түзүлбөшү мүмкүн.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111635/st-5" title="5-берене - Электрондук колтамга жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>