Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-берене. Колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
1. Күбөлөндүрүүчү борбор колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын түзүүнү жана берүүнү күбөлөндүрүүчү борбордун жана арыз берүүчүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырат.
2. Колтамга текшерүү ачкычынын сертификатында төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) анын колдонуу мөөнөтүнүн башталуу жана аяктоо даталары;
2) жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), (юридикалык жактар үчүн - аталышы) же колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсинин башка идентификатору;
3) колтамга текшерүү ачкычы;
4) пайдаланылып жаткан электрондук колтамга каражаттарынын аталышы жана (же) талаптарына колтамга ачкычы жана колтамга текшерүү ачкычы туура келүүгө тийиш болгон стандарттар;
5) сертификатты берген күбөлөндүрүүчү борбордун аталышы.
3. Колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын юридикалык жакка колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси катары берген учурда, юридикалык жактын аталышы менен бир катарда юридикалык жактын уюштуруу документтеринин же ишеним катынын негизинде юридикалык жактын атынан аракеттерди жүргүзүүчү жеке жакты да көрсөтүү керек. Маалыматтык системада электрондук колтамгаларды автоматтык түрдө түзүү же текшерүү үчүн колдонулуучу колтамга текшерүү ачкычынын сертификаттарында юридикалык жактын атынан аракеттерди жүргүзүүчү жеке жакты колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси катары көрсөтпөй коюуга жол берилет. Мындай колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси катары аталган сертификатта көрсөтүлгөн юридикалык жак таанылат.
4. Күбөлөндүрүүчү борбор колтамга текшерүү ачкычынын сертификаттарын электрондук документ формасында да, кагаз түрүндө да берүүгө укуктуу. Электрондук формада берилген колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси сертификаттын күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан ырасталган кагаз түрүндөгү көчүрмөсүн да алууга укуктуу.
5. Колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты, эгерде сертификаттын өзүндө башка дата көрсөтүлбөсө, ал берилген учурдан тартып колдонууга кирет.
Колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты тууралуу маалыматтар күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан, сертификатта көрсөтүлгөн колдонууга кирүү датасынан кечиктирилбестен сертификаттар реестрине киргизилиши керек.
6. Колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонулуусу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) анда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтү аяктаган;
2) колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсинин электрондук формада же кагаз түрүндө берилген арызы боюнча;
3) күбөлөндүрүүчү борбордун иши анын функцияларын башка жакка өткөрбөстөн токтотулган;
4) мыйзамда же күбөлөндүрүүчү борбордун колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси менен макулдашуусунда белгиленген башка учурларда.
7. Колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонулуусу токтогондугу тууралуу маалымат күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан, колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонулуусун токтотууга алып келген жагдайлар келип чыккандыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү борборго белгилүү болгон учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде сертификаттар реестрине киргизилиши керек. Колдонулуусун токтотуу тууралуу жазуу сертификаттар реестрине киргизилгенден учурдан тартып, колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонулуусу токтотулат.
8. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими боюнча, анын ичинде колтамга текшерүү ачкычынын сертификатында анык эмес маалыматтар камтылгандыгы сот чечиминде белгиленген учурда, күбөлөндүрүүчү борбор токтоосуз түрдө, бир жумушчу күндөн кечиктирбестен сертификаттар реестрине сертификатты жокко чыгаруу тууралуу жазууну киргизүү жолу менен колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын жокко чыгарат.
9. Жокко чыгарылган колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын пайдалануу, аны жокко чыгарууга байланышкандарын кошпогондо, юридикалык натыйжаларга алып келбейт.
Күбөлөндүрүүчү борбор колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын жокко чыгаруу боюнча маалыматтарды сертификаттар реестрине киргизгенге чейин колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсин анын сертификаты жокко чыгарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабардар кылууга милдеттүү.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111635/st-14" title="14-берене - Электрондук колтамга жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>