15-берене. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
1. Аккредиттөө алган күбөлөндүрүүчү борбор аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор болуп саналат.
2. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор төмөнкү маалыматтарды сактоого милдеттүү:
1) жеке жактын - квалификацияланган сертификаттын ээсинин ким экендигин тастыктоочу негизги документтин реквизиттерин;
2) квалификацияланган сертификатты алуу үчүн кайрылган арыз берүүчүнүн - юридикалык жактын атынан чыгуучу адамдын укугун тастыктоочу документтин аталышы, номери жана берилген датасы тууралуу маалыматтарды;
3) эгерде квалификацияланган сертификаттын ээсинин үчүнчү жактардын тапшырмасы менен аракет жүргүзүүгө ыйгарым укуктары тууралуу маалыматтар квалификацияланган сертификатка киргизилсе, квалификацияланган сертификаттын ээсинин үчүнчү жактардын тапшырмасы менен аракет жүргүзүүгө ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтердин аталышы, номери жана берилген датасы тууралуу маалыматтарды.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында андан кыска мөөнөт көрсөтүлбөсө, көрсөтүлгөн маалымат аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордо анын иштөө мөөнөтүнүн ичинде сакталышы керек.
Маалымат анын бүгүндүгүн жана аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берген формада сакталышы керек. Күбөлөндүрүүчү борбор квалификацияланган сертификаттын ээсине таандык болгон жана аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордо сакталган маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн квалификацияланган сертификаттын ээсине камсыз кылууга тийиш.
4. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун иштөөсү токтотулган учурда ал төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) күбөлөндүрүүчү борбордун иштөөсү токтой турган датага чейин бир айдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга бул жөнүндө билдирүүгө;
2) сертификаттардын реестрин белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органга өткөрүүгө;
3) аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордо сакталууга тийиш маалыматтарды белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органга өткөрүүгө.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111635/st-15" title="15-берене - Электрондук колтамга жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>