13-берене. Күбөлөндүрүүчү борбор
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
1. Күбөлөндүрүүчү борбор:
1) колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын түзөт жана аны мындай сертификатты алуу үчүн кайрылган адамга (мындан ары - арыз берүүчү) берет;
2) колтамга текшерүү ачкычынын сертификаттарынын колдонуу мөөнөттөрүн белгилейт;
3) өзү берген колтамга текшерүү ачкычынын сертификаттарын жокко чыгарат;
4) арыз берүүчүнүн кайрылуусу боюнча колтамга ачкычын жана колтамга текшерүү ачкычын (анын ичинде күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан түзүлгөн) камтыган, же болбосо арыз берүүчүнүн өзүнө колтамга ачкычын жана колтамга текшерүү ачкычын түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу электрондук колтамга каражаттарын берет;
5) өзү берген жана жокко чыгарган колтамга текшерүү ачкычтарынын сертификаттарынын реестрин (мындан ары - сертификаттар реестри) жүргүзөт, бул реестрде борбор өзү берген колтамга текшерүү ачкычынын сертификаттарында камтылган маалыматтар, ошондой эле колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонулушун токтотуунун (жокко чыгаруунун) датасы жана негиздери тууралуу маалыматтар камтылат;
6) квалификацияланган деп саналбаган сертификаттардын реестрин жүргүзүүнүн тартибин жана ага жетүүнүн тартибин белгилейт, ошондой эле сертификаттар реестринде камтылган маалыматтарга адамдардын жетүүсүн, анын ичинде Интернетти пайдалануу менен жетүүсүн камсыз кылат;
7) арыз берүүчүлөрдүн кайрылуулары боюнча колтамга ачкычын жана колтамга текшерүү ачкычын түзөт.
Колтамга ачкычтарын түзгөн учурда күбөлөндүрүүчү борбор мындай ачкычтардын купуялуулугун камсыз кылат;
8) ушул күбөлөндүрүүчү борбордун сертификаттар реестриндеги колтамга текшерүү ачкычтарынын уникалдуулугун текшерет;
9) электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын кайрылуулары боюнча электрондук колтамганы текшерүүнү жүзөгө ашырат;
10) электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан башка иштерди жүзөгө ашырат.
2. Күбөлөндүрүүчү борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) арыз берүүчүлөргө жазуу жүзүндө электрондук колтамганы жана электрондук колтамга каражаттарын пайдалануунун шарттары жана тартиби, электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан тобокелдиктер жана электрондук колтамгалардын жана аларды текшерүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чаралар тууралуу маалымат берүүгө;
2) сертификаттар реестринде камтылган маалыматтын актуалдуулугун камсыз кылууга жана аны укук ченемсиз жеткиликтүүлүктөн, жок кылуудан, модификациялоодон, бөгөттөөдөн, ошондой эле мындай маалыматка карата укук ченемсиз башка аракеттерден коргоого;
3) кайсы адамга болбосун анын кайрылуусу боюнча, сертификаттар реестрине жетүүнүн белгиленген тартибине ылайык, күбөлөндүрүүчү борбордун сертификаттар реестринде камтылган маалыматтарды, анын ичинде колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын жокко чыгаруу боюнча маалыматтарды акысыз берүүгө;
3. Күбөлөндүрүүчү борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөрдүн натыйжасында башка жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат:
1) кызматтарды көрсөтүү келишиминде каралган милдеттенмелерди күбөлөндүрүүчү борбордун аткарбоосунун же талаптагыдай эмес аткаруусунун;
2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган милдеттенмелерди аткарбоонун же талаптагыдай эмес аткаруунун.
4. Күбөлөндүрүүчү борбор башка жактарга (мындан ары - ишенимдүү жактарга) бул күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген кол тамга текшерүү ачкычынын сертификатына негизделген электрондук кол тамга коюлуучу кол тамга текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын түзүү жана күбөлөндүрүүчү борбордун атынан берүү боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн күбөлөндүрүүчү борбор ишенимдүү жактарга карата башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбор болуп саналат жана аларга карата төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) ишенимдүү жактар берген колтамга текшерүү ачкычтарынын сертификаттарында көрсөтүлгөн текшерүү ачкычтарын, электрондук колтамгаларды текшерүүнү жүзөгө ашырат;
2) ишенимдүү жактардын ортосундагы жана ишенимдүү жактардын жана күбөлөндүрүүчү борбордун ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
6. Сертификаттар реестрине киргизилген маалымат, эгерде ченемдик укуктук актыларда андан кыска мөөнөт каралбаса, күбөлөндүрүүчү борбордун ишинин бүткүл мөөнөтү ичинде сакталууга жатат. Күбөлөндүрүүчү борбордун иши анын функцияларын башка жактарга өткөрбөстөн токтотулган учурда ал күн мурдатан, бирок ишин токтотуу датасына чейин бир айдан кечиктирбестен бул тууралуу өзү берген, колдонуу мөөнөтү бүтө элек колтамга текшерүү ачкычтарынын сертификаттарынын ээлерине жазуу жүзүндө билдириши керек. Көрсөтүлгөн учурда, күбөлөндүрүүчү борбордун иши аяктагандан кийин, сертификаттар реестрине киргизилген маалымат жок кылынууга тийиш.
Күбөлөндүрүүчү борбордун иши анын функцияларын башка жактарга өткөрүү менен токтотулган учурда, ал күн мурдатан, бирок өз функцияларын өткөрүүнүн датасына чейин бир айдан кечиктирбестен бул тууралуу өзү берген, колдонуу мөөнөтү бүтө элек колтамга текшерүү ачкычтарынын сертификаттарынын ээлерине жазуу жүзүндө билдириши керек. Көрсөтүлгөн учурда, күбөлөндүрүүчү борбордун иши аяктагандан кийин, сертификаттар реестрине киргизилген маалымат өз ишин токтоткон күбөлөндүрүүчү борбордун функциялары өткөрүлгөн жакка берилүүгө тийиш.
7. Күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын ишке ашыруунун, ушул беренеде белгиленген анын укуктарын жүзөгө ашыруунун жана милдеттерин аткаруунун тартиби, эгерде ченемдик укуктук актыда же электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан өз алдынча аныкталат.
8. Өз ишин жалпы пайдалануудагы маалыматтык системаны пайдалануу менен, адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө карата ишке ашыруучу күбөлөндүрүүчү борбордун кызматтарын көрсөтүү келишими жарыя келишим болуп саналат.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111635/st-13" title="13-берене - Электрондук колтамга жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>