КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 29-июну № 113 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 31-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3001-статья менен толукталсын:
"3001-статья. Мурда колдонулган тиешелүү белгилерди (белги салууларды) жасалмалоо, кайрадан пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып келүү, тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз сактоо жана сатуу Мурда колдонулган тиешелүү белгилерди (белги салууларды) жасалмалоо, кайрадан пайдалануу, ага тете тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз сактоо жана сатуу - тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан тиешелүү белгилердин (белги салуулардын) жана (же) товарлардын санына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет: тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүзгө чейинки тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө; тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүз жана андан көп тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө. Тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз алып келүү, - тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан тиешелүү белгилердин (белги салуулардын) жана (же) товарлардын санына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет: тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүзгө чейинки тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө; тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүз жана андан көп тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө.";
2) 508-статьянын 1-бөлүгү "300," деген цифралардан кийин "3001," деген цифралар менен толукталсын;
3) 535-статьянын 1-бөлүгү "300," деген цифралардан кийин "3001," деген цифралар менен толукталсын;
4) 545-статьянын 1-бөлүгү "2291-статьяда" деген сөздөн кийин "жана 3001-статьянын 2-бөлүгүндө," деген сөздөр менен толукталсын;
5) 5561-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
а) он бешинчи абзацы "289-статьянын экинчи бөлүгү," деген сөздөрдөн кийин "3001-статьянын 2-бөлүгү," деген сөздөр менен толукталсын;
6) жыйырма үчүнчү абзацы "300," деген цифралардан кийин "3001," деген цифралар менен толукталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 108-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5) маркалоого жаткан товарлардын акциздик жыйымдын маркалары жана тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен белгиленишин жана алардын аныктыгын.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 31-майындагы № 1624-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик…Постановление · 31.05.2017 · № 1624-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 20 апреля 2017 года № 1524-VI "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые…Постановление · 20.04.2017 · № 1524-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-майындагы № 1599-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине…Постановление · 25.05.2017 · № 1599-VI
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон