1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3001-статья менен толукталсын:
"3001-статья. Мурда колдонулган тиешелүү белгилерди (белги салууларды) жасалмалоо, кайрадан пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып келүү, тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз сактоо жана сатуу Мурда колдонулган тиешелүү белгилерди (белги салууларды) жасалмалоо, кайрадан пайдалануу, ага тете тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз сактоо жана сатуу - тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан тиешелүү белгилердин (белги салуулардын) жана (же) товарлардын санына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет: тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүзгө чейинки тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө; тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүз жана андан көп тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө. Тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз алып келүү, - тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан тиешелүү белгилердин (белги салуулардын) жана (же) товарлардын санына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет: тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүзгө чейинки тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө; тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүз жана андан көп тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө.";
2) 508-статьянын 1-бөлүгү "300," деген цифралардан кийин "3001," деген цифралар менен толукталсын;
3) 535-статьянын 1-бөлүгү "300," деген цифралардан кийин "3001," деген цифралар менен толукталсын;
4) 545-статьянын 1-бөлүгү "2291-статьяда" деген сөздөн кийин "жана 3001-статьянын 2-бөлүгүндө," деген сөздөр менен толукталсын;
5) 5561-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
а) он бешинчи абзацы "289-статьянын экинчи бөлүгү," деген сөздөрдөн кийин "3001-статьянын 2-бөлүгү," деген сөздөр менен толукталсын;
6) жыйырма үчүнчү абзацы "300," деген цифралардан кийин "3001," деген цифралар менен толукталсын.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111614/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>