2-берене
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 156-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 50-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги 2-бөлүгүндө:
бөлүк "үчүн" деген сөздөн кийин "төмөнкүлөргө которулушу мүмкүн" деген сөздөр менен толукталсын; 4-пунктунда "которулушу мүмкүн" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги бөлүгү "Төмөндөгүлөр" деген сөздөн кийин "жатак-абакка которулбайт" деген сөздөр менен толукталсын;
в) мамлекеттик тилдеги 2-пунктунда "жатак-абакка которулбайт" деген сөздөр алып салынсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын: "7) эркиндигинен ажыратуу жайларында соттолгон уюшкан криминалдык топтордун мүчөлөрү, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу коомдоштуктун (кылмыштуу уюмдун), куралданган топтун (банданын) курамында кылмыш жасаганы үчүн соттолгондор;
8) эркиндигинен ажыратуу жайларынан же камактан качканы үчүн мурда соттолгондор.";
2) 85-статьянын 5-бөлүгүндө "козголушу мүмкүн" деген сөздөр "козголот" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 145-статьянын 11-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(11) Эгерде алар эркиндигинен ажыратуу жайларына мыйзамдарда каралган учурларда жөнөтүлсө, жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар кайрадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга сунуш кылынбайт. Жазаны жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырууну алып салуу жөнүндө токтом чыккан күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин адамдар кайрадан жазаны жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырууга сунуш кылынышы мүмкүн.".
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111611/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>