1-берене
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 69-статьясында:
а) 3-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн үчүн;";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"(31) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу төмөнкү соттолгонго карата колдонулат:
1) эгерде мындай көз карандылык болсо, баңги жана (же) ууландыруучу заттарга көз карандылыктан, же болбосо кургак учук менен ооруса кургак учуктан дарылануу курсунан өткөндөргө;
2) кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толук толтургандан кийин.";
в) 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) соттолгон жаңы кылмыш жасаса жана сот мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарса, кайрадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу колдонулбайт.";
г) статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"(10) Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жаткан мезгилде жаңы кылмыш жасаган соттолгондор мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууга сунуш кылынбайт.".
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111611/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>