Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-берене. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 161
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:
1) өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;
1-1) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;
2) ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарды сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашырат;
3) балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө балдарды коргоо боюнча органдардын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарды сактоо жана коргоо боюнча кызмат көрсөтүүчү социалдык кызматтар жөнүндө маалыматтарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана аларды берүүнүн тартибин кварталына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат;
4) өзүнүн аймактык органдарына жана балдарды коргоо тутумунун башка органдарына балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча методикалык жана консультациялык жардам берүүнү, анын ичинде алардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:
1) … жана коргоо боюнча ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;
кошулду: 1-1) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;
2) ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине … кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана аларды берүүнүн тартибин кошулду: кварталына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат;
4) өзүнүн аймактык органдарына жана … эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет.
кошулду: (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111570/st-15" title="15-берене - Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>