16-берене. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 161
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени):
1) чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин бузууга алып келген кызмат адамдарына жана кызматчыларга карата жазык иши боюнча тартиптик өндүрүш же сотко чейинки өндүрүш козгоо жөнүндө өтүнүч менен сунуштамаларды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтөт;
2) жарандардын арыздарын жана даттанууларын карап чыгуунун натыйжалары боюнча, укуктары жана эркиндиктери үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же алардын кызмат адамынын чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) менен бузулган жана ден соолугунун абалы боюнча же болбосо башка жүйөлүү себептер боюнча сотко кайрыла албаган адамдарды коргоо үчүн сотко кайрылат;
3) үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча атайын баяндамаларды даярдайт жана/же бул маселелерди адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоонун абалы жөнүндөгү ар жылдык баяндамаларына киргизет;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 апреля 2020 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…(Омбудсменинин) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо алынып салынды: чөйрөсүндөгү кошулду: боюнча ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени):
1) … (Омбудсменинин) иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды кошулду: жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № алынып салынды: 41 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111570/st-16" title="16-берене - Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>