Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-28.
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 4-августу № 90 Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 125-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы "1-категориядагы" деген сөздөрдөн мурда "эскертүүгө же" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 342-беренеде:
а) 4-бөлүгүндө "121-берененин 4-бөлүгүн," деген сөздөр "121-берененин 4 жана 5-бөлүктөрүн, 123-берененин 1-бөлүгүн, 1231-берененин 1-бөлүгүн," деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Айып пул салуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде 121-берененин 5-бөлүгүндө, 123-берененин 1-бөлүгүндө жана 1231-берененин 1-бөлүгүндө каралган бузуулар үчүн айып пул төлөнгөн учурда, айып пулдардын өлчөмү 70 пайызга азайтылат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 123-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 1231-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин төлөнбөгөн бузуулар жөнүндө иштер боюнча айып пулдар туумдарды жокко чыгаруу жана жеңилдик берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү менен ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык төлөнүүгө тийиш. Ушул берененин экинчи абзацынын жоболору ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде колдонулары белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдын ченемдери жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында калкка маалымдасын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2021-жылдын 30-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.