Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-08-11.
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 22-февралы № 32 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 11-январында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин бешинчи абзацы "окуу китептерин," деген сөздөрдөн кийин "анын ичинде Брайлдын рельефтик-чекиттик ариптери менен чыгарылган окуу китептерин," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 28-беренеде:
а) 1-бөлүгү "ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Педагогдук билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук (окутуучулук) иште иштөө укугуна төмөнкү учурларда ээ болот:
- кайра даярдоодон өткөн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу иштин көндүмдөрүн үйрөнгөн;
- репетитордук жана тренингдер тартибинде сабак өткөн.";
3) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 432-берене менен толукталсын:
"432-берене. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик, муниципалдык жана жеке билим берүү уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө билим берүү уюмунун банктык эсебине же казыналыктагы атайын эсебине акча каражаттарын чегерүү жолу менен, улуттук валютада жүргүзүлөт. Билим берүү уюмдарынын билим берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн чет өлкөлүк валютада акы төлөө тууралуу талаптары мыйзамсыз болуп саналат жана мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 28-февралында № 32 (2757) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Жылалды айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июлундагы № 18 "Билим берүү мекемелеринин 2016-2017-жылдар арасында аткарган иштери үчүн сыйлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2017 · № 18
- Жылалды айылдык Кенешинин 2018-жылдын 09-октябрындагы № 45 "Билим берүү мекемелеринин 2018-жылдын 9-ай ичинде аткарып жаткан иштери жөнүндө"токтомуПостановление · 09.10.2018 · № 45
- Жылалды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-августундагы № 9 "Билим берүү мекемелеринин 2018-2019-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө" токтомуПостановление · 24.08.2019 · № 9
- Жылалды айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17 - майындагы № 11 "Билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө" токтомуПостановление · 17.05.2022 · № 11
- Жылалды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-августундагы № 10 "Билим берүү мекемелеринин 2020-2021-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2021 · № 10
- Жылалды айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июлундагы № 14 "Билим берүү мекемелеринин 2016-2017-жылдар арасында аткарып жаткан иштери жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2017 · № 14
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179