Жылалды айылдык кеңешинин «Билим берүү мекемелеринин 2018-2019-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жылалды айылдык Кеңешинин ( VI шайланган) XIV- кезектүү сессиясы
2019-жылдын 24-августу № 9 Билим берүү мекемелеринин 2018-2019-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү XIV - сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин жетекчилери А. Жунусбаев, У. Эшенкулова, Н. Абдыкеримова, С. Жоошбаевдердин 2018-2019-окуу жылында аткарылган иштери боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2003-жылдын 30-апрели № 92
Билим берүү жөнүндө 2017-жылдын 22-февралындагы № 32, 2017-жылдын 23-майындагы №84, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 1-бөлүмдүн 16-беренесинин негизинде, Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин 2018-2019-окуу жылында мектеп директорлорунун ( А. Жунусбаев, У. Эшенкулова,
Н. Абдыкеримова, С. Жоошбаев) аткарылган иштери боюнча маалыматтары канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
М. Акназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.