1-берене
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин бешинчи абзацы "окуу китептерин," деген сөздөрдөн кийин "анын ичинде Брайлдын рельефтик-чекиттик ариптери менен чыгарылган окуу китептерин," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 28-беренеде:
а) 1-бөлүгү "ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Педагогдук билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук (окутуучулук) иште иштөө укугуна төмөнкү учурларда ээ болот:
- кайра даярдоодон өткөн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу иштин көндүмдөрүн үйрөнгөн;
- репетитордук жана тренингдер тартибинде сабак өткөн.";
3) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 432-берене менен толукталсын:
"432-берене. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик, муниципалдык жана жеке билим берүү уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө билим берүү уюмунун банктык эсебине же казыналыктагы атайын эсебине акча каражаттарын чегерүү жолу менен, улуттук валютада жүргүзүлөт. Билим берүү уюмдарынын билим берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн чет өлкөлүк валютада акы төлөө тууралуу талаптары мыйзамсыз болуп саналат жана мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.".
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111540/st-1" title="1-берене - Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>