490-берене. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнмөнү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө билдирүүнүн жана кароонун тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 58-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жазыктык иш боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу жана анын жактоочусу күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнмө билдирүүгө укуктуу.
Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнмө келип түшкөндө, судья соттук териштирүүнү токтотот жана аны түзүү үчүн тараптарга 3 күндүк мөөнөт берет.
2. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндөн кийин судьяга берилет, судья ишти кароону ушул Кодекстин 488-беренесинде каралган тартипте улантуу жөнүндө токтом чыгарат. Тараптар күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуунун шарттары боюнча макулдукка жетишпегенде же болбосо ушул Кодекстин 488-беренесинде белгиленген талаптар сакталбаганда соттун жазыктык ишти кароосу жалпы тартипте улантылат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
490-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-490" title="490-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>