491-берене. Сот отурумун жүргүзүүнүн жана токтом чыгаруунун тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 58-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот отурумунда баш тартууларды жана өтүнмөлөрдү чечкенден кийин судья күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну кароону баштоо жөнүндө жарыялайт жана коюлган айыптоонун жана түзүлгөн макулдашуунун маңызын баяндоону мамлекеттик айыптоочуга сунуш кылат.
2. Судья айыпталуучуга күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуунун маңызын түшүндүрөт, андан кийин ага макулдашууну түзүүнүн жагдайларын сотко билдирүүнү сунуш кылат жана макулдашуу анын өз эркин билдирүүсүнө туура келе тургандыгын же жоктугун, ал макулдашууну колдой тургандыгын жана бул иш боюнча сотко эмнелерди билдирүүнү каалай тургандыгын аныктайт.
3. Айыптоочунун позициясын аныктоо менен судья жактоочуга жана мамлекеттик айыптоочуга күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга карата өздөрүнүн пикирин билдирүүсүн сунуш кылат, ошондой эле алардын макулдашууну колдой тургандыгын тактайт.
4. Айыпталуучу, мамлекеттик айыптоочу күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга каршы болгон учурда судья сот отурумун токтотуу жана жазык ишин жалпы тартипте кароону дайындоо жөнүндө токтом чыгарат. Мында айыпталуучунун күнөөсүн мойнуна алышы өкүмгө негиз болушу мүмкүн эмес жана ал башка далилдер менен бирге жыйынтыкталып, бааланышы керек.
Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 12-июнундагы № 08-р чечими
5. Судья, эгерде күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга карата ушул Кодекстин 487-беренесинде каралган талаптар сакталды деген тыянакка келсе, ал айыптоо өкүмүн чыгарат жана айыпталуучуга күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууда каралган жазаны дайындайт.
6. Өкүм ушул Кодекстин 43-главасынын талаптарына ылайык чыгарылат. Мында айыптоо өкүмүнүн сыпаттоочу-жүйөлөөчү бөлүгү айыпталуучу жасады деп айыпталып жаткан, аны менен күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн кылмыштуу аракеттин сыпаттоосун, ошондой эле күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуунун шарттарын сактоо тууралуу соттун тыянактарын камтышы керек. Судьянын далилдерди талдоого алуусу жана аларга баа берүүсү өкүмдө чагылдырылбайт.
7. Өкүм жарыялангандан кийин судья ага даттануу укугун жана тартибин тараптарга түшүндүрөт.
Соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн чыгарылган өкүм апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн эмес, буга иштин материалдары сотто изилденбегендиги негиз болот.
8. Процесстик чыгымдар айыпталуучудан өндүрүп алууга жатпайт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
491-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-491" title="491-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>