489-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө түзүлгөн күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну тергөө судьясынын карашы
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 58-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Тергөө судьясы прокурордон келип түшкөн күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну прокурордун, шектелүүчүнүн жана анын жактоочусунун катышуусу менен карайт.
2. Тергөө судьясы, эгерде күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга карата ушул Кодекстин 487-беренесинде каралган талаптардын сакталгандыгын ырастаса, ал күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну бекитүү жөнүндө токтом чыгарат, ал тергөөчүгө жазыктык ишке кошуу үчүн жиберилет.
Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 12-июнундагы № 08-р чечими
3. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга карата ушул Кодекстин 487-беренесинде каралган талаптар бузулган учурда тергөө судьясы күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат, ал даттанылууга жатпайт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
489-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-489" title="489-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>