462-берене. Соттун тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен жашы жете электи жазык жоопкерчилигинен бошотуусу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 54-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Эгерде анчалык оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер боюнча мындай кылмышты жасаган жашы жете элек адам жазыктык жаза чарасын колдонбостон оңолушу мүмкүн болсо, сот жашы жете электи жазык жоопкерчилигинен бошотууга жана ага карата Жазык кодексинин 17-главасында каралган тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууга укуктуу. Токтомдун көчүрмөсү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
2. Жашы жете элек адам өзүнө карата дайындалган тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасында каралган шарттарды системалуу түрдө бузган учурда, сот балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча мындай чараны тарбиялык мүнөздөгү катаалыраак мажбурлоо чарасына алмаштырат же жазаны колдонуу жөнүндө маселени чечет жана иш ушул Кодекстин ченемдерине ылайык каралат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
462-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-462" title="462-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>