Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
407-берене. Апелляциялык инстанциянын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 47-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Апелляциялык даттануу же сунуштама менен келип түшкөн ишти кароодо өкүмдүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн же башка соттук чечимдерди текшерүү максатында сот тараптардын өтүнүчү же өзүнүн демилгеси боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:
1) соттолгондун, жабырлануучунун жана ишке катышкан башка адамдардын ден соолугунун абалына, үй-бүлөлүк абалына байланышкан документтерди жана тараптардын өтүнүчү боюнча башка документтерди да суратып алууга;
2) экспертиза дайындоого;
3) кошумча күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди сот отурумуна чакырууга жана суракка алууга, тараптар берген же алардын суранычы боюнча сот тарабынан суратып алынган жазуу жүзүндөгү, буюм түрүндөгү жана башка далилдерди иликтөөгө;
4) биринчи инстанциядагы сот тарабынан иликтенген материалдарды жол бергис далилдер деп таанууга жана аларды далилдердин арасынан алып салууга;
5) биринчи инстанциядагы сот тарабынан далилдердин ичинен алынып салынган материалдарды таанууга жана аларды иликтөөгө;
6) материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууга тийиштүү шарттарды иликтөөгө;
7) иш боюнча зарыл болгон башка иш-аракеттерди аткарууга.
2. Процесстик макулдашууну түзгөн учурда апелляциялык инстанциянын соту анын корутундусунун жагдайларын текшерет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-407" title="407-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>