Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
408-берене. Апелляциялык инстанция сотунун чечими
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 48-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечими апелляциялык өкүм жана аныктама болуп эсептелет. Апелляциялык чечим токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет.
2. Апелляциялык өкүм ушул берененин талаптарын эске алуу менен ушул Кодекстин 43-главасында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат.
3. Апелляциялык өкүмдө, аныктамада өкүм мыйзамдуу, негиздүү деп таанылуучу негиздер, биринчи соттук инстанциядагы башка соттук чечимдер жана тергөө судьясынын токтому - мыйзамдуу жана негиздүү, ал эми даттануу же сунуш канааттандырылбай турган же даттануу берилген соттук чечимдин толук же жарым-жартылай жокко чыгарылуусу же өзгөртүүсү көрсөтүлөт.
4. Кеңешме бөлмөсүндө апелляциялык өкүм токтом кылынат, апелляциялык аныктама чыгарылат жана соттун бардык курамы кол коёт.
5. Ишти караганда келип чыккан маселелер судьялардын көпчүлүк добушу менен чечилет. Судьялар добуш берүүдөн баш тартууга укуксуз. Төрагачылык кылуучу акыркы болуп добуш берет.
6. Көпчүлүк судьялардын чечими менен макул болбогон апелляциялык инстанциянын судьясы соттун чечимине эч бир тактоо киргизбестен кол коюуга милдеттүү жана өзгөчө пикирин кеңешме бөлмөсүндө кат жүзүндө жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу, ал төрагачылык кылуучуга тапшырылат жана жазык ишине "өзгөчө пикир" деген белги менен чапталган конвертте тиркелет жана жарыялоо сот жыйынынын залында жарыяланбайт. Өзгөчө пикир менен Жогорку сот аталган жазык ишин кассациялык тартипте кароо учурунда таанышууга укуктуу.
7. Апелляциялык инстанциянын сотунун чечиминин киришүү жана корутунду бөлүгү соттор кеңешүү бөлмөсүнөн келгенден кийин жарыяланат. Негизделген чечимди чыгаруу ишти териштирүү бүткөн күндөн тартып 3 суткадан ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бул тууралуу төрагалык кылуучу тараптарга жарыялайт. Соттун чечиминин резолюциялык бөлүгүнө бардык судьялар кол коюшу керек жана ал ишке тиркелет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-408" title="408-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>